Ошто соодагерлердин митингинде милиция кармап кеткен 4 аял коё берилди

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш шаарында нааразычылык акциясында кармалган 4 аял коё берилди. Бул маалыматты Turmush басылмасына Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка караганда, алар кечээ, 22-июлда профилактикалык териштирүү иштеринен кийин коё берилген.

———————————————

Буга чейин Turmush кечээ, 22-июлда Ош шаарында борбордук баздардын көчүрүлүшүнө каршы нааразычылык билдирип чыккандардын арасынан 4 аялды милиция кызматкерлери кармап кеткенин жазган.

Маалыматка караганда, милицияга массалык баш аламандыкты уюштурууга аракеттер болуп жатканы тууралуу маалыматтар келип түшкөн. Анын негизинде ыкчам тергөө тобу барып, 4 аял тергөөгө алып келген.

22-июлда Ош шаарынын борбордук аянтында 500гө чукул соодагер чогулуп, борбордук базардын көчүрүлүшүнө нааразы болуп, аларга убакыт берүүнү суранышты.

Пример HTML-страницы

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, алар борбордук базарга уланган көпүрөлөр алынганына нааразы болуп, соода-сатык иштерине тоскоолдук жаралганын айтышты.

Чогулгандар менен Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жолугуп, көпүрөнүн баары алынарын, селде каза болгон аял көпүрөнүн үстүнөн акканын билдирди.

Соодагерлер бир көпүрөнү калтыруу керектигин айтышты, бирок мэр бир дагы көпүрө калбай турганын, мыйзамсыз курулган көпүрөнүн баары бузуларын билдирди. Мындан сырткары соодагерлер окуучулар, студенттер кийим алган учурга чейин борбордук базарды жылдырбай турууну суранышты.

Бакытбек Жетигенов административдик-аймактык реформанын негизинде Ош шаарына өткөн 7 гектар жерге муниципалдык базар куруу пландалып жатканын, жерлер соодагерлерге акысыз берилип, бүт шарттар түзүлөрүн, салык, ижара акы боюнча жеңилдиктер караларын билдирди. Ошондой эле мамлекеттик ипотекалык үйлөр курулуп башталганын, соодагерлерге үй боюнча жардам берилерин билдирди.

Соодагерлер базар көчүрүлгөнгө чейин бир көпүрөнү калтырууну суранышты. Мэр макул болбой, базарга кире турган жолдор көп экенин айтты.

«Ак-Бууранын башында кырсык болуп, 4 адам каза болду. Базардан көпүрөнүн үстүнөн бир аял контейнери менен кошо агып кетип каза болду. Сел келгенде көпүрөлөргө суу капталып, базардын баарын суу басып кетти. Бул маселени өзүңөр жакшы билесиңер, кырсык кайра болбойт деп эч ким кепилдик бербейт. Дагы эмне болот эч ким билбейт.

Базарды көчүрөбүз деп чечтик, эки айдын ичинде көчүрөбүз. Силерди талаага таштап коюп, шарты жок жерге алып барып койбойбуз. Буга чейин Жапалак жакта 3,5 гектар муниципалдык жерибиз бар болчу. Базарды ошол жакка жылдырганы жатканбыз. Бирок ал жакка көп адам барбай коет деген нааразычылыктар болгону үчүн башка жер таптык. Ишкаван айылына кеткен жолдо «Мегаполис» деген соода борбору бар, ошол жактан жер таптык. Ошол соода борбордун маңдайында 7 гектар муниципалдык жер бар экен. Ал жер өтө ыңгайлуу. Шаардын төрт жагынан барса болот. Бүгүнтөн баштап жумуш башталды. Кууш жолдор болсо кеңейтип, асфальт төшөп, жакшылап шарт түзүп беребиз. 1 ай болобу, 1,5 ай болобу, шарт түзгөндөн кийин ошол жакка көчүп барасыңар. Эң негизгиси ал базар муниципалдык базар болот, жерди силерге бекер беребиз», — деди Б.Жетигенов.

Соодагерлердин бири 1-1,5 млн сомго чейин товар алып келип саткандар бар экенин, аларга мамлекет тарабынан берилген 100 миң сомдук жардам эч нерсе болбосун билдирди.

«Элдин баары жаңы базарга көнгөнчө бир жылдан ашык убакыт өтөт. Болбосо 2-3 жылдап алармандарды үйрөтүү кыйын, базарда отуруп биз жакшы билебиз. Азыр базарды көчүрүп койсок, эл агылып барат деген түшүнүк туура эмес да», — деди ал.

Дагы бир соодагер базарды жылдыруу маселеси көптөн бери айтылып жатканын, ага карабай бир бөлмөлүү батирин сатып, базарда контейнер алганын, ал селге агып кеткенин айтты.

«Биз бутик сатып алдык эле. Ал сууга агып кетти. Аны ким төлөйт? Сатып алган адамыңарга баргыла деп жатышат. Бутикти сатып алганыма бир жыл болду»,- деди ал.

2024-жылдын 14-июлунда Ош шаарында жана Кара-Суу районунун аймагында катуу сел жүрдү. Анын кесепетинен турак үйлөрдү, социалдык объектилерди сел суулары каптап, унаалар жабыркады.

Акыркы маалыматтар боюнча, Кара-Суу районунда 718 турак үй жана 12 социалдык объект жабыркады. Ошондой эле 31 унаа, анын ичинде 23 жеңил унаа жана 6 жүк ташыган унаа зыянга учурады. Ал эми Ош шаарында 212 турак үй, 2 социалдык объект, 2 көпүрө жабыркады.

Ош шаарындагы борбордук базарда 785 соода түйүнүн суу каптады.

Ош шаарында өзгөчө кырдаал режими жарыяланган.

Учурда 6 адам каза болгону белгилүү. Алардын арасында бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү бар — аял киши жана анын 3 кызы. Ошондой эле 1985-жылы туулган аял сууга агып кетти. Дагы бир тургун Озгур айылында жүк ташыган унаанын алдында калып каза болду.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 15-июль күнү Ош шаарына келип, борбордук базарга барды. Ал мындай сел 30 жылдан бери катталбаганын билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️