Turmush — Бүгүн, 27-сентябрда Ош шаарында «Түштүк Экспо — 2024» VIII эл аралык көп тармактуу жармаңкесинин ачылышы өттү.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, иш-чарага Кытай, Өзбекстан, Азербайжан, Казакстан, Россия жана башка мамлекеттерден келген өндүрүштүк компаниялар катышып, өз продукцияларын тартуулоодо.
Жармаңкенин ачылышына Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Темир Сариев жана президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев катышты.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиевдин айтымында, жармаңкеге жетиден ашык чет өлкөлүк компаниялар катышып жатат.
«7-8 мамлекеттен келишиптир. Коңшу Өзбекстан, Кытай, Азербайжан келгендерди көрдүм. Өзүбүздүн продукцияны чет өлкөлүк конокторго көрсөтүп, чет элдикин да көрүп, соода катнашты түзүүгө чоң мүмкүнчүлүк берет. Мындай жармаңкелерди дайыма өткөрүп жүрүшүбүз керек», — деди ал.
Ошондой эле бул иш-чараны улай «Алтын күз» жана боз үй фестивалы да өтүп жатат. Фестивалга Кыргызстандын түштүгүндөгү бардык аймактардан келгендер катышып жатат.
Уюштуруучулардын айтымында, жармаңкенин жүрүшүндө дыйкандар, айыл чарба каражаттарын өндүрүүчүлөр, ишкерлер менен жолугуп, пикир алмашууга шарт түзүлөт. Андан сырткары азык-түлүк продукцияларын, үрөндөрдү, айыл чарба жана башка техникаларды, жер семирткичтерди, көчөттөрдү базар баасынан арзан сатып алууга болот.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.