Пример HTML-страницы

Ошто окуучулар менен студенттердин тобу бараткан кичи автобус токтотулду. Алар эс алууну көздөп жаткан

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш облусунда тоого эс алууга бара жаткан окуучулар жана студенттер аныкталды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кара-Суу райондук милиция кызматкерлерине 2024-жылдын 19-майында саат 04:00 чамасында балдар кичи автобус жалдап алып, Алай районунун Сары-Ой жайлоосуна эс алууга чыгып кеткендиги маалым болгон. Бул факты боюнча милиция кызматкерлери билим берүү кызматкерлери менен биргеликте ыкчам аракеттерди көрүп, балдардын эс алуу аракетине бөгөт коюлду.

Алар Отуз-Адыр айылдык милиция бөлүмчөсүнө жеткирилип, ата-энелери чакыртылган. Териштирүү учурунда эс алууга чыккандар Кара-Суу районуна караштуу орто мектептердин биринде 10-класста окуган 8 окуучу, Ош мамлекеттик университетинин 1-курсунун 6 студенти, Ош гуманитардык педагогикалык институтунун 1 студенти жана эч жерде окубаган 9 бала экендиги аныкталды.

Териштирүүнүн жыйынтыгында балдардын ата-энелерине Укук бузуулар кодексинин талаптарына ылайык айып салынды. Ал эми аталган окуу жайлардын жетекчилигине жана Кара-Суу райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмүнө сунуштар берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE