Пример HTML-страницы

Ошто окуучулар бараткан унаа кырсыкка кабылды, бири оор абалда. Окуя болгон жерден видео

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш облусунун Өзгөн районунда окуучулар бара жаткан автоунаа жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Тurmush басылмасына күбөлөр билдирди.

Алардын айтымында, кырсык бүгүн, 24-майда Өзгөн—Ош унаа жолунда болгон. Окуучулар бара жаткан «Дэу Тико» үлгүсүндөгү унаа катуу ылдамдыкта келе жаткан.

«Бир кыздын бели менен буту сынганын айтып жатышат», — деди күбөлөр.

Алдын ала маалыматка караганда, унааны 1967-жылы туулган айдоочу башкарып келе жаткан.

Ал эми Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча, жол кырсыгына кабылган окуучулардын бири ооруканага кайрылган. Учурда бул факты боюнча ыкчам аракеттер көрүлүүдө.

Өзгөн райондук жалпы дарыгерлердин практикалык борбору Тurmush басылмасына тастыктаган маалымат боюнча, жол кырсыктан кийин 3 окуучу ооруканага кайрылды. 2007-жылы туулган Э.Ч. (кыз бала) оор жаракат алган. Ал жандандыруу бөлүмүндө. Ошондой эле 2007-жылы туулган А.О. (эркек бала) жана 2007-жылы туулган кыз травматология бөлүмүндө дарыланып жатат.

Кийинчерээк Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн кырсыкка кабылган унаа айып короого токтотулуп, айдоочу тергөө кызматына өткөрүлүп берилгенин билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE