Ошто октон жаракат алган 6 жаштагы бала ооруканага түшкөн. Учурда абалы кандай?

Акыркы жанылыктар

TurmushПневматикалык ок атуучу куралдан жаракат алган 6 жаштагы баланын абалы жакшы. Бул тууралуу Turmush басылмасына Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бейтапка 19-октябрь түнү операция жасалып, анын денесиндеги ок алынды.

«Абалы жакшы, туруктуу. Ок алынды, ал аралап өтүптүр. Тирдин огу экен», — деди дарыгерлер.

Буга чейин Turmush Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасына ок атуучу куралдан жарат алган 6 жаштагы бала түшкөнүн жазган.

Кийинчерээк Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 2024-жылдын 19-октябрь күнү Датка айыл аймагында талаада 2018-жылы туулган П.С.ны агасы — 2012-жылы туулган М. кокусунан тир мылтык менен ичине атып алган. Бала Ош облустук балдар ооруканасына жеткирилген. Дарыгердин айтуусу боюнча, баланын ички органдары жабыркаган эмес.

Пример HTML-страницы

Бул факт Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️