Ошто ок атылып, жарадар бала ооруканага жеткирилди

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облустар аралык балдар клиникалык ооруканасына ок атуучу куралдан жарат алган 6 жаштагы бала түштү. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.

Алдын ала маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 19-октябрда катталган. Анда аталган ооруканага 20:00 чамасында жамбашынан октон жарат алган бала жеткирилген.

Дарыгерлер ага тез арада операцияга жасоо үчүн алып кирип кетишкени айтылууда.

Бул маалыматты Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасы тастыктап, учурда бейтаптын жараты жана өздүгү жөнүндө маалыматтар толтурулуп, алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын билдирди.

Кошумча маалымат берилет.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️