Ошто мыйзамсыз сакталган 10 ок атуучу курал алынды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун аймагында «Арсенал» аталышындагы алдын алуу иш-чарасы жыйынтыкталды.

Анда кызматкерлер 26-28-август күндөрү ички иштер органдарында каттоодо турган атуулдардын куралдарын жана ок атуучу куралды сактоого укук берилген мекеме, уюмдардын кызматтык куралдарынын сактоо шарттарын жана уруксат мөөнөттөрүн текшеришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө алынган ыкчам маалыматтардын негизинде мыйзамсыз сакталган 10 даана ок атуучу курал алынды жана 1 даана мурда жоголгон катары каттоодо турган курал табылды. Аларга тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Ок атуучу куралды сактоо шарттарын жана кайра каттоо эрежелерин бузгандыгы үчүн 35 жаранга Укук бузуулар кодексинин 133-беренеси (ок атуучу, газ, пневматикалык, ыргытма жана электрдик куралын, же болбосо алардын атуучу ок-дарыларын сактоо жана ташуу эрежелерин бузуу), 134-беренеси (ок атуучу, газ, пневматикалык, ыргытма жана электрдик куралын каттоо мөөнөттөрүн бузуу) боюнча протоколдор түзүлүп, жалпы 66 000 сом айып салынды.

Облус аймагында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралардын алдында «Укук тартип», «Арсенал», «Нелегал», «Селсаяк» аталышындагы алдын алуу иш-чаралары өткөрүлөрү айтылган.

Пример HTML-страницы

Ош ОИИБ жарандарга эскертет!

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинини 267-беренесинде (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) жана 268-беренесинде (куралды мыйзамсыз сактоо) белгиленген буюмдарды (ок атуучу куралдарды, ок дарыларды жана жарылуучу заттарды) өз ыктыяры менен ички иштер органдарына тапшырган жарандар ушул беренелерде каралган жосун үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️