Пример HTML-страницы

Ошто мурунку чиновник менен жеке компаниянын өкүлү кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын мурунку орун басары менен жеке компаниянын өкүлү кармалды.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Turmush басылмасына тастыктаган маалыматка караганда, Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын мурунку орун басары К.М менен тендерден уткан компаниянын өкүлүнө Ош шаардык прокуратурасы коррупция боюнча кылмыш иш козгоп, ишти Ош ШИИБге өткөрүп берген.

Алдын ала маалымат боюнча, 4 экскаватор алууга тендер жарыяланган. Тендерде көрсөтүлгөн экскаваторлор келбей, сапатсыз техника алынып келген. К.М. компаниялардын бирине тендерден утууга көмөк көрсөткөн деп шектелүүдө.

Ош шаардык соту эки жарандын баш коргоо чарасын карап, тергөө иштери аяктаганча камакта калтырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE
Пикир калтырыныз.

Нажимая на кнопку "Отправить комментарий", я даю согласие на обработку персональных данных и принимаю политику конфиденциальности

https://www.binance.com/ru/activity/referral-entry/CPA?fromActivityPage=true&ref=CPA_00NB2ZZDKX