Пример HTML-страницы

Ошто милиция туристтерге жагымсыз жагдайларды жараткан учурларды аныктап жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунда туристтик сезонго даярдык көрүлүп жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош обусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 2024-жылга карата туристтик мезгилге даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда жергиликтүү элдин жана чет элден келген коноктордун коопсуздугун сактоо, коомдук жайларда жана жарандар эс ала турган аймактарда кылмыштарга, одоно тартип бузууларга бөгөт коюу, ар кандай кокустуктардын алдын алуу, жол кыймылынын коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыздоо, боюнча тийиштүү иш-чараларды жүргүзүүдө.

Муну менен катар кызматкерлер туристтик аймактарга күзөттөрдү уюштуруп, туристтер үчүн жагымсыз жагдайларды жаратуучу фактыларды аныктап, тийиштүүлүгү боюнча мамлекеттик мекеме-уюмдарга фото, видео менен тастыткалган маалыматтарды жөнөтүшүүдө.

2024-жылдын 15-майынан 28-майына чейин 144 учур аныкталып, 98 сүрөт жана 8 видеотасма мамлекеттик мекеме-уюмдарга жөнөтүлдү. Алардын ичинен 20 учур боюнча маселе чечилди. Ал эми калган учурлар боюнча ар бир мамлекеттик орган өзүнүн ыйгарым укуктарына жараша, аталган жагдайдын жаралышынын себептерин аныктап, аны жоюу менен жергиликтүү тургундарга жана келген туристтерге жагымдуу шарттарды түзүү боюнча иш алып барууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE