Пример HTML-страницы

Ошто милиция кызматкерлеринин апалары, жубайлары медаль менен сыйланды. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 20-февралда Ош облустук ички башкармалыгында ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын түзүлгөндүгүнүн 33 жылдык маарекеси белгиленди.

Салтанаттуу иш-чарада кызматтык милдеттерин жоопкерчилик менен аткарып, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана коомдук коопсуздукту сактоодо жетишкен ийгиликтери үчүн бир катар кызматкерлер ИИМдин «Кадырман», «Кыргыз милициясына 95 жыл», «Экстремизмге каршы аракеттенүүдө сиңирген эмгеги үчүн» медалдары, «Мыкты кызматкер», «Мыкты кызмат өтөгөндүгү үчүн» төш белгилери жана ардак грамоталар менен сыйланды.

Ошондой эле кызматкерлердин апалары жана жубайлары конок катары чакырылып, аларга Ички иштер министрлигинин Ардагерлер кеңешинин «Мээримдүү айым» жана «Офицердин жубайы» медалдары ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE