Ошто милиционерлердин унаасы «Тойота» менен кагышкан. 6 адам ооруканага түштү

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери кызматтык унаа менен жол кырсыкка кабылды. Бул тууралуу күбөлөр билдирди.

Алардын айтымында, окуя 9-июль күнү Кара-Суу районунун Мады айыл аймагына караштуу Асан-Чек айылында болгон.

Ал эми Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү Turmush басылмасына тастыктаган маалымат боюнча, кырсык 2024-жылдын 9-июлунда саат 10:30 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 659-чакырымында, тактап айтканда Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айыл аймагынын Асан-Чек айылында катталган. Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл аймагынын Адыр айылынын тургуну — 2000-жылы туулган О.уулу Т. Өзгөн РИИБге таандык болгон кызматтык «Газ-2752 Соболь» үлгүсүндөгү автоунаасы менен батыштан чыгышты көздөй башкарып бара жатып, карама-каршы тилкеге чыгып, өз жолунда келе жаткан «Тойота Ипсум» унаасы менен кагышкан. «Тойота» унаасын Кара-Суу районунун Жоош айыл аймагынын Мамажан айылынын тургуну — 1967-жылы туулган М.А.Ч. башкарып келе жаткан.

Кырсыктын кесепетинен «Тойота Ипсум» унаасынын жүргүнчүлөрү жабыркады.

Алар:

Пример HTML-страницы

— Ош шаарынын 2009-жылы туулган тургуну А.Р. (кыз бала);

— Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарынын 1994-жылы туулган тургуну Р.кызы А.;

— 2014-жылы туулган З.А. (Р.кызы А.нын кызы);

— 2022-жылы туулган З.А. (Р.кызы А.нын уулу);

— Кара-Суу районунун Папан айыл аймагынын Чычкан-Көл айылынын 1996-жылы туулган тургуну Р.кызы Г.;

— 2018-жылы туулган Ш.Р. (Р.кызы Г.нын кызы).

Алар Ош облустук ооруканасына кайрылышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️