Ошто милиционер айымдар спортто күч сынашып, ок атуу ыкмаларын көрсөтүштү

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунда айым милиция кызматкерлери жана ардагерлер арасында спорттук таймаш өттү. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, спорттук иш-чара кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчилигинин демилгеси менен уюштурулду.

Иш-чарага башкармалыктын жетекчилиги, ардагерлер кеңешинин төрагасы, башкармалыкка караган түзүмдөрдө эмгектенген айым кызматкерлер жана ардагерлер катышты. Анда катышуучулар волейбол, футбол, баскетбол, аркан тартыш жана кол күрөш боюнча мелдешти. Муну менен катар самбону колдонуу, ок атуучу куралды чачып-жыйноо, ок атуу, ат чабыш, кыз куумай, жана жаракат алганда дарыгерге чейинки биринчи жардам көрсөтүү ыкмаларын көрсөтүштү.

Спорттук мелдеш 2 күнгө созулду. Алгач катышуучулар спорттук залда волейбол, футбол, баскетбол оюндары боюнча мелдешип, самбо ыкмалары боюнча тапшырмаларды аткарышты. Андан кийин ат майданында ат чабышып, кыргыздын салтындагы ат оюндарын көрсөтүштү.

Кийинки күнү кызматкерлер атайын ок атуучу жайга чейин талаа каптарды алышып, жөө жүрүш жасап, ок атуу көнүгүүлөрүн аткарышты. Андан ары Ош облусунун ички иштер башкармалыгына караган эс алуу чөлкөмүндө аркан тартыш, кол күрөш боюнча боюнча мелдеш уланды. Ошондой эле ок атуучу куралды чачып-жыйноо жана жаракат алганда дарыгерге чейинки алгачкы жардам көрсөтүү ыкмалары көрсөтүлдү.

Пример HTML-страницы

Мелдештин жыйынтыгында командалык эсеп менен:

— 1-орунду райондук ички иштер бөлүмдөрүнөн куралган команда;

— 2-орунду милициянын кайгул күзөт кызматынын өзүнчө батальонунун командасы;

— 3-орунду борбордук аппараттын командасы алды.

Жеңүүчүлөргө жана иш-чарага активдүү катышкан ардагер айымдарга башкармалыктын жетекчилиги тарабынан атынан ардак грамота жана алкыш баракчасы тапшырылды. Иш-чара ардагерлер менен сый тамак үстүндө баарлашуу менен жыйынтыкталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️