Turmush — Бүгүн, 31-октябрда АКИпресс-Ошто «Көзү азиздер жана дүлөйлөр» коомунун мүчөлөрү маалымат жыйын өткөрүштү.
Алар Ош шаарынын Анар кичи районундагы №18 үйдүн жер төлөсүн аталган коомдун түштүктөгү жетекчиси аукционго коюуну көздөп жатканын айтышты.
Аталган коомдун мүчөсү Айымсаат Мурзаева буларга токтолду.
«Мен «Эне менен баланы коргоо» фондунун президентимин. Бул фондду экс-президент Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаева түптөп берген. Ошондон бери майыптыгы бар жарандардын укугун акысыз коргоп келебиз. Азыр эми «Азиздер жана дүлөйлөр» коомубузда мыйзамсыз иштер көп болуп жатат. Ошондуктан жогорку бийликтегилерге үнүбүздү жеткирүү үчүн маалымат жыйын берүүгө туура келди. Анткени биздин азыркы майыптар коомунда «өзүм билем» дегендер көп болууда.
Анар кичи районундагы №18 үйгө 2012-жылы көчүп келгенбиз. Көчүп келип, жашап калганыбызга Камчыбек Ташиевдин түздөн-түз тиешеси бар. Себеби Ташиевдин жардамы менен ушул үйлөр курулуп калган. Биз (көзү азиздер менен дүлөйлөр) мурда Ош облустук балдар ооруканасынын жанындагы фин тибиндеги үйдө жашачубуз. Ал министр болуп турганда «үй куруп беребиз» деп, үй куруп берген. 2012-жылдан бери 45 батирлүү үйдө жашап келебиз. Ошол учурда бизге үйдү тапшырып жатышканда «жер төлөсүн пайдалана бергиле» деп айтышкан. Ошондон бери жер төлөдө той-топур, бата сыяктуу маарекелерди өткөрөт элек. Анткени бизде акча жок, жөлөк пулга жашайбыз. Азыркы күндө жер төлөгө кире албай калдык. Жер төлөдө менин фондумдун кеңсеси бар. Ал жакка да киргизбей, мөөр басып койду. Биздин бөлмөлөргө кеткен жылуулук түтүктөрдүн жабдыктары жер төлөдө болчу. Азыр жылуулук берүү мезгилинде жер төлөгө кирип, аларды текшере албай калдык. Бул иштердин баарын биздин коомдун Ош, Жалал-Абад, Баткен облусу боюнча жетекчиси кылып жатат. Башкы башкармалыкка айтсак, алар ишенбей жатышат», — деди ал.
Аталган үйдүн дагы бир жашоочусу Амирбек Мурзаев жер төлө аукционго коюлуп жатканын белгиледи.
«Бул коомдун башчысы Жамгырчы Абдыкалыков жер төлө боюнча аукцион өткөрүп, конкурска коюп жатат. Ал киши биздин үйдө жашабайт. Жада калса ал жерде каттоосу жок. Азыр Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына «конкурс кылып, жер төлөнү бизге өткөрүп бербесеңиз прокуратурага жазам» дептир. Бизге ошол башкармалыктан айтышты. Анын бардык жашоочулардын атынан чечим чыгарганга кандай акысы бар? Биз ушул көйгөйдү айтканы келдик», — деди ал.
Ал эми «Көзү азиздер жана дүлөйлөр» коомунун Ош, Баткен, Жалал-Абад боюнча төрагасы Жамгырчы Абдыкалыков өзүнүн дарегине айтылган сөздөрдү төгүндөдү.
«Булар туура эмес маалымат таратып жатышат. Биздин коомдун кеңсеси ошол жер төлөнүн 177 чарчы метр жерин ижарага алып, иштеп келет. Аталган кеңседе көзү азиздер, дүлөйлөр шахмат, шашки сыяктуу оюндарды ойноп, компьютерди үйрөнүшөт. Ошондой эле ал жерде майыптыгы бар адамдар Брайль шрифтин үйрөнүшөт. Жер төлө Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын балансында турат. Биз ай сайын ошол башкармалыкка ижара акысын төлөйбүз. Менин ал жер төлөнү аукционго коюп, сатып жибергенге укугум жок. Жер төлө Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын балансында болсо, мен кантип сатып жиберем? Ушул жылдын 18-октябрында «Ош шамы» гезитине Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы Анар кичи районундагы №18 үйдүн 14, 17 чарчы метр жерлерин ижарага берүү шарты менен сынак жарыялайт» деп жарыя кылган. Кеп ошол боюнча болуп жатат», — деди ал.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.