Ошто кумшекер, өсүмдүк майы жана ундун баасы кандай болуп жатат?

TurmushЭкономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмү азык-түлүктөрдүн баасы боюнча маалымат берди.

Учурда Ош шаарында ун, кум шекер жана өсүмдүк майынын өздүк наркы төмөндөгүдөй:

— бир кап (50 кг) ун — 1 миң 750 сомдон 2 миң 300 сомго чейин;

— жергиликтүү өндүрүштөгү 1-сорт ун (50 кг) — 1 миң 750 сомдон 1 миң 800 сомго чейин;

— 1-сорттогу импорт уну (50 кг) — 1 миң 900 сомдон 2 миң 300сомго чейин;

— жогорку сорттогу ун (50 кг) — 2 миң 600 сом;

Пример HTML-страницы

— кумшекер чоң дүкөндөрдө — 60 сомдон 90 сомго чейин, борбордук базарда — 83 сомдон 90 сомго чейин;

— өсүмдүк майынын 5 литри — 710 сомдон 850 сомго чейин.

Ушул жылдын 15-мартында, тактап айтканда бир ай мурун ундун баасы (50кг) 1 миң 750-2 миң 300 сомдон болгон. Кумшекердин 1 кг 85-105 сом, өсүмдүк майынын 5 литри 725-950 сомдон сатылган.

13-апрелде Ош шаарынын борбордук базарында 1 кг ундун баасы 45 сомдон 65 сомго чейин, ал эми 1 кап ун 2200-2650 сомдун тегерегинде сатылган. Бул баа 2 жума мурункуга салыштырмалуу 450 сомго кымбат.

Өсүмдүк майынын 1 литри 150 сомдон 170 сомго чейин, 3 литри 520-540 сомдон, 5 литри 750-880 сомдун тегерегинде бааланган. Мындан 1 ай мурун 5 литр майдын баасы 720 сомдон 850 сомго чейин сатылып жаткан болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️