Ошто кош бойлуу жубайын тез жардамдын артынан коштоп бараткан тургун ооруканага түштү. Абалы оор

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Суу районуна караштуу Фуркат айылындагы жол кырсыктан кийин эки адам ооруканага түштү.

Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү Turmush басылмасына тастыктаган маалыматка караганда, кырсык 2024-жылдын 4-июлунда саат 02:10 чамасында Ош-Алай-Эркеч-Там унаа жолунун 2-чакырымында, тактап айтканда Датка айыл аймагынын Фуркат айылында болгон. Мады айыл аймагынын Социализм айылынын1991-жылы туулган тургуну М.А. «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаасы менен түштүктөн түндүктү көздөй бара жатып, каршы багытта келе жаткан «ВАЗ 21 06» унаасы менен кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен «ВАЗ 21 06» автоунаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү жаракат алып, Ош облустук ооруканасына жаткырылыган. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ал эми Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын башчысынын орун басары Жаркынай Өмүрзакованын айтымында, жаракат алган жарандардын биринин абалы оор.

«4-июлга караган түнү Ош облустук ооруканасына эки жаран келип түшкөн. Алардын бири эркек, экинчиси аял. К.Т. аттуу бейтап (эркек киши) оор абалда келип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Кабыргылары, жоон сөөктөрү сынып жана боору жарылып келген. З.Ж. (аял киши )жеңил жаракаты менен келип, учурда абалы жакшы.

Жабыр тарткан жарандар Өзгөн районунун Мырза-Аке айылынан Ош шаарындагы төрөтканалардын бирине келе жаткан. Тез жардам унаасынын ичинде дарыгерлер жана кош бойлуу келин (К.Т.нын жубайы) болгон. Алардын артынан К.Т. жана З.Ж. «ВАЗ 21 06» унаасы менен келе жаткан экен», — деди дарыгер.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️