Ошто «Коопсуз шаар» долбоору иштеп баштады

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 16-сентябрдан тарта Ош шаарында «Коопсуз шаар» долбоору иштеп баштады.

Эми видеокамералар жол эрежелерин бузган айдоочуларды аныктап, айып пул салынат.

Орнотулган камералар эреже бузуунун төмөнкү түрлөрүн аныктайт:

— ылдамдыкты ашырууда;

— маршруттук унаалар жүрүүчү тилкеге жеңил унаа менен кирген учурда;

Пример HTML-страницы

— каршы жол тилкесине чыгууда;

— коопсуз курун тагынбаганда;

— жөө жүргүнчүлөргө жол бербегенде;

— жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн бурулганда;

— жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерде токтогондо;

— жол белгилерине маани берилбеген учурда;

— «Стоп» сызыгына чейин токтоткон учурда жана жол кыймылынын эрежелерин сактабаганда;

— тротуарга унааны токтоткондо.

Эреже бузуп кармалган айдоочулардын айып кагаздары бир айдын ичинде дарегине жеткирилет.

Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары Максат Орозалиев Turmush басылмасына билдиргендей, аталган долбоор А.Масалиев, И.Раззаков, Курманжан датка, Ленин, Г.Айтиев жана Б.Осмонов көчөлөрүндө иштеп баштады.

Шаар ичинде 60 камера ишке кирген, алардын 44ү станционардык, 11и көчмө АПК (аппараттык-программалык комплекс) жана 5и мобилдик. Эреже бузууну аныктоо үчүн мониторинг борбору каралган. Алар сүрөт, видеолордон карап, кандай эреже бузуулар катталганын аныктап, ээлерине жеткирилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️