Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Ошто коомдук алдын алуу борборлорунун жумушун жандандыруу максатында форум уюштурулду

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 24-март күнү Ош облусунун аймагында укук бузуулардын алдын алуу боюнча мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук алдын алуу борборлорунун өкүлдөрүнүн, коомчулуктун жана ички иштер органдарынын өз ара аракеттенүүсүн бекемдеген «Мыйзам, тартип жана жоопкерчилик» аталышындагы форум өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдаинов, Ош ОИИБдин башчысы Жеңишбек Жоробеков сөз сүйлөп, облус аймагындагы укук бузууларды алдын алууда коомдук алдын алуу борборлорунун ролу, жетишкендиктери жана милиция менен коомчулуктун ортосундагы мамилени бекемдөөдөгү салымын баса белгилеп өтүштү.

Ал эми «Эл аралык толеранттуулук үчүн» коомдук уюмунун өкүлү Роберт Авазбеков, милициянын көчмө кабылдамасын колдоо ассоциациясынын директору, милициянын отставкадагы полковниги Шамшыбек Мамыров жана Ош облусунун прокурору Максат Асаналиев өздөрүнүн багыттары боюнча аткарылган иштер тууралуу баяндама жасашты.

Бул форумдун максаты — коомдук алдын алуу борборлорунун жумушун жандандыруу, алардын көйгөйлөрүн чечүү.

Ош облусунда 90дон ашуун коомдук алдын алуу борборлору иштейт. Анын баарында эле шарт түзүлгөн эмес. Бирок ага карабай кылмыштуулукту алдын алуу, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарды, балдар арасында катталган кылмыштуулукту жоюу боюнча коомдук алдын алуу борборунда жайгашкан аксакалдар соту, аялдар кеңеши, ошондой эле жаштар координаты, милициянын аймактык тескөөчүлөрү менен биргеликте жарандардын арыз-даттанууларын кабыл алышып, иш алып барышат.

Коомдук алдын алуу борборунун кызматкерлери негизинен элдин кайрылууларын кабыл алып, жардам көрсөтүп, укук бузуулардын алдын алууга багытталган жолугушууларды уюштурат. Мында кызматкерлер жарандардын жазуу жана оозеки кайрылууларын кабыл алат. Жергиликтүү калкка көйгөйлөрдү чечүүдө практикалык жардам көрсөтүп, укук бузуулардын алдын алууга багытталган жолугушууларды уюштурат. Иш-чаранын соңунда КААБдын тажрыйбалуу кызматкерлеринин сунуш-пикирлерин кабыл алуу менен резолюция кабыл алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE