Ошто колунун кан тамыры кесилип ооруканага жеткирилген сот Бишкекке которулду

Акыркы жанылыктар

Turmush30-сентябрда өз өмүрүнө кол салган Ош облустук сотунун судьясы А.Н. (1973-жылы туулган) Бишкектеги ооруканалардын бирине которулду. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аны жакындары өз ыктяры менен Бишкекте дарылатабыз деп ооруканадан чыгарып алып кетишкен.

«Биздин ооруканага түшкөндөн 1 күндөн кийин Бишкекке которуп кетишти. Жакындары «Бишкекте дарылатабыз» деп өздөрү ыктыяры менен түшүнүк кат жазып, учак менен алып кетишкен. Бейтап өзүнө келип, эч кандай коркунуч деле жок болчу», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин 30-сентябрда Ош облустук сотунун судьясы колунун тамырын кесип, ооруканага түшкөнү кабарланган.

Алдын ала маалыматка караганда, ал Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына жеткирилген.

Пример HTML-страницы

«Бүгүн эртең саат 07:50-07:55 чамасында келип түштү. Дарыгерлер дароо операцияга киргизишти. Азыр жандандыруу бөлүмүндө жатат. Абалы орто оор», — деген дарыгерлер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️