Ошто кармалган подполковник камакка алынды

TurmushОш шаардык ички иштер башкармалыгынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Мындай чечимди сот кабыл алды.

Маалым болгондой, Ош ШИИБдин милициянын кайгуул кызматынын 4-взводунун кенже инспектору камактан бошотулду.

Буга чейин УКМКнын кызматкерлери тарабынан милициянын подполковниги А.У.К. жана милициянын старшинасы Т.у.А. Ош шаарынын аймагында 894 грамм салмактагы баңгизатты сатып өткөрүүгө аракет жасап жаткан учурунда кармалганы маалымдалган.

1982-жылы туулган А.К. — милициянын подполковниги, Ош ШИИБдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы. Старшина Т.А. 1998-жылы туулган, Ош ШИИБдин Милициянын кайгуул кызматынын 4-взводунун кенже инспектору.

Кармоо Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча катталган кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️