Пример HTML-страницы

Ошто кафеге кирген тургун тамагынан эмне тапканын көрсөттү. Видео

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш шаарындагы кафелердин бириндеги тамактан зымдын бир бөлүгү табылды. Бул тууралуу күбөлөр билдирди.

Алардын айтымында, окуя бүгүн, 2-июлда болгон.

Ал эми Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун тамак-аш бөлүмүнүн башчысы Дария Жапарова Turmush басылмасына берген комментарийинде бул окуя боюнча эч ким арыз менен кайрылбаганын билдирди.

«Арыз жазып келишсе, биз барып текшерип келебиз. Мурда ушундай иштерге реакция кылып, текшерип турчубуз. Кийин мораторий жарыяланып, арызы же далили жок текшере албай калдык. Азыр бул боюнча дагы сураштырып тактап көрөбүз. Эгер арыз түшкөн болсо, текшерүү ишин баштайбыз», — деди Жапарова.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE