Ошто кафеден тамактанган 10 адам ууланган. Алардын абалы кандай?

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында тамак-аштан ууланган бейтаптардын абалы орто деп бааланып жатат.

Ош шаардык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө тамактан ууланган 10 адам кайрылган.

«4-сентябрда тамактанган бейтаптар бизге 5-6-7-сентябрда жаткырылган. Ууланган эки бейтаптын ашказанын жууп-тазалап, анализдерин Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна жөнөткөнбүз. Учурда анализдердин жыйынтыгы чыга элек. Так жыйынтык чыкканда гана диагноз коюлат. Бейтаптардын абалдары орто, аларга дары-дармектер берилип жатат. Ал эми калган 8 бейтаптын абалы жакшы», — деди дарыгерлер.

——————————————

Turmush Ош шаарында тамак-аштан массалык уулануу катталганын жазган.

Пример HTML-страницы

Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун тамак-аш бөлүмүнүн башчысы Дария Жапарова Turmush басылмасына билдиргендей, жабыркагандардын саны 10 адамды, байланышта болгондордун саны 14 адамды түздү.

«Жабыркаган жарандар 2024-жылдын 4-сентябрында кечки саат 20:00-24:00 аралыгында Кызыл-Кыштак айыл аймагына караштуу Курманжан датка көчөсүндө жайгашкан «Umaroff» кафесинен гамбургер, хотдог, клаб сэндвич тамактарын жешкен. Эртеси эртең менен абалдары начарлап, кусуп, ичи өтүп, дене таптары көтөрүлгөн. Алар Ош шаардык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө кайрылып, медициналык жардам алышкан.

Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан тамактан уулануу учуру иликтенип, «Umaroff» тез татым коомдук тамактануучу жайы текшерүүгө алынды. Кафеден даяр тамактардын жана азыктардын үлгүлөрү лабораториялык изилдөөгө тапшырылды. Жумушчулар арасынан микроб алып жүрүүчүлөрдү аныктоо максатында анализдер алынды», — деген Жапарова.

Учурда кафенин жумушу токтотулуп, санитардык эрежелер жана ченемдер сакталбаган фактылар боюнча кафенин ээсине 23 000 сом айып пул салынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️