Пример HTML-страницы

Ошто июнь окуясында курман болгондорду эскеришти

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 10-июнда Ош облусунда 2010-жылдагы июнь окуясында курман болгондорду эскерүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Каза болгондордун жакындары жана иш-чаранын катышуучулары менен болгон барлашууда өкүлдүн орун басары Талантбек Арстанкулов: «Биз кылымдар бою ынтымакта, бир туугандыкта жашаган көп улуттуу элбиз. Ата-бабаларыбыз ынтымакты туу тутуп, байыркы Ош шаарынын даңктуу тарыхын жараткан. Ар бирибиз тынчтыкты жана ынтымакты сактоого милдеттүүбүз», — деп белгиледи.

Эскерүү «Энелердин көз жашы» мемориалдык комплексине гүл коюу менен башталып, каза болгондорго багышталып куран окулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE