Ошто ири суммадагы акча жана алтын уурдаганга шектүүлөр кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Араван жана Кара-Суу райондорундагы үйлөрдөн ири суммада акча жана алтын буюмдарды уурдаганга шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2024-жылдын 11-октябрь күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Сарай айыл аймагынын 1971-жылы туулган М.С. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 2024-жылдын 26-сентябрь күнү үйүнөн белгисиз атуулдар 6000 (алты миң) евро жана 2500 (эки миң беш жүз) сом акчасын уурдап кеткендигин билдирген.

Мындан сырткары, 2024-жылдын 15-октябрь күнү Араван райондук ички иштер бөлүмүнө С.Юсупов айыл аймагынын 1996-жылы туулган М.Ш. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда белгисиз атуулдар үйүнүн терезесин бузуп киришип, алтын буюмдарын уурдап кеткендигин билдирген. Араван райондук ички иштер бөлүмүнө ушундай эле мазмундагы арыз менен дагы 3 жаран кайрылган.

Бул фактылар каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө чогултулган материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иштери козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган.

Ош ОИИБдин Араван жана Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн ыкчам кызматкерлеринин биргелешип жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектүү катары Өзгөн районунун 1989-жылы туулган Э.З. жана 1996-жылы туулган А.Б. аттуу тургундары кармалышып, камакка алынышты.

Пример HTML-страницы

Учурда кылмышка тиешеси бар башка атуулдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️