Ошто инисин бычактап өлтүргөн шектүү кармалды. Окуянын айрым жагдайлары ачыкталды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш шаарында инисине бычак сайган шектүү кармалып, камакка алынды.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Turmush басылмасына тастыктаган маалыматка караганда, 9-июль күнү болжол менен саат 19:30 чамаларында Ош шаарынын Коллективный көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде 1974-жылы туулган А.Ю. аттуу жаран 1975-жылы туулган иниси Ю.А.ны өлтүрүү максатында өзүнүн жанына салып алган миздүү буюм менен кирип барып, аны менен жаңжалдашып, ичине бир нече жолу сайып жиберген. Анын кесепетинен Ю.А. денесинен алган жараатынан улам Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Бул жагдай боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 1-бөлүгүндө (адам өлтүрүү — башка кишинин өмүрүн кыюу) каралган кылмыштын курамы бар болгондуктан кылмыш иши козголгон.

Шектүү А.Ю. өзүнүн берген көрсөтмөсүндө көп убакыттан бери бир тууган иниси — 1974-жылы туулган Ю.А. менен пикир келишпей, көрүшүп калган жерде «бир күнү мен сени өлтүрөм» деген сөздөрдү айтып, жаңжалдашып жүрүшкөндүгүн билдирген. Ал эми окуя болгон күнү шектүү А.Ю. миздүү буюмун өзү жашаган үйүнөн жанына инисине күчү жетпей калган учурда колдонуу максатында сала келгендиги такталган.

Шектүүнүн баш коргоо чарасы Ош шаардык соту тарабынан каралып, 2024-жылдын 10-сентябрына чейин камакта калтырылды.

Пример HTML-страницы

Буга чейин Turmush Ош шаарында бычактан жаракат алган жаран каза болгонун жазган.

Ал эми Ош шаардык ооруканасы тастыктаган маалыматка караганда, 2024-жылдын 9-июлунда 1974-жылы туулган Ю.А. аттуу жаран бычактан алган жаракаты менен алынып келген.

«Ал курсагынын эки жерине бычак сайылган абалда 9-июль күнү келип түштү. Бычак ичеги майдан өтүп, ичегини тешип кеткен. Операция ийгиликтүү жасалган болчу. Бирок 13-июль күнү белгисиз жагдайлардан улам түнү каза болуп калды. Себеби экспертизадан соң аныкталат. Туугандарынын айтымында, ага-ини үйдө уруша кетишип, агасы бычак сайып койгон», — деп айтылган маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️