Пример HTML-страницы

Ошто ИИМдин чемпионатынан байгелүү кайткан милиция кызматкерлерин куттукташты

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 20-мартта Ош облустук ички иштер башкармалыгында ИИМдин чемпионатында байгелүү орунду ээлеген кызматкерлерди куттукташты.

2023-жылдын 14-17-март күндөрү Ички иштер министрлигинин чемпионатында кызматтык көп түрдүүлүк жана ок атуу боюнча олимпиада чемпиону А.Мелентьевдин жаркын элесине арналган күжүрмөн куралдан ок атуу мелдеши болуп өтүп, анда кызматтык көп түрдүүлүк боюнча Ош облустук ички иштер башкармалыгынын курама командасы жалпы командалык эсеп боюнча 1-орунду ээледи.

Жеңүүчүлөрдү Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Жеңишбек Жоробеков куттуктады. Ошондой эле 1-орунду алып келген курамды өздүк курам да кызуу куттуктап, Ош облусунун намысын татыктуу коргоп келгендери үчүн ыраазычылык билдиришти.

Курама командада алдыңкы орунду ээлеген кызматкерлер:

— Рысбек кызы Кулпунай;

— Бактыяр кызы Нурзат;

— Абдижапар кызы Айдана;

— Жоомарт Садыков;

— Назгул Жумабаева;

— Гүлназ Базарбаева;

— Султанмурат Жээнбаев;

— Махамадсалимжон Хакимов;

— Эртабылды уулу Нургазы;

— милициянын отставкадагы полковниги Жигиталы Торониязов.

Аларга жетекчилик тарабынан ардак грамота, алкыш баракча жана баалуу белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE