Пример HTML-страницы

Ошто эс алуучу жайлардагы аттракциондордун абалын көзөмөлгө алуу тапшырылды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш шаарындагы А.Навои паркында жана Ак-Буура эс алуучу жайында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынын башчысы Асанбек Мамыраимовдун айтымында, эс алуу жайларында жайгашкан аттракциондорду иштетүүдө техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталышы жана аткарылышы боюнча А.Навои жана Ак-Буура эс алуу жайларынын жетекчилеринин катышуусунда операторлорго түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Аларга аттракциондорду даярдоо, монтаждоо, тууралоо, модернизациялоо, оңдоо, коопсуз иштөөсүн уюштуруу, аттракциондорду орнотуу, техникалык диагноздоо жана тейлөө кызматкерлерин даярдоо, билимин текшерүү боюнча талаптардын аткарылышы боюнча түшүндүрүү менен билдирүүлөр берилди.

Мындан тышкары Ош шаарынын мэриясына жана облустагы бардык акимдерге аймактардагы эс алуучу жайлардагы аттракциондордун абалын көзөмөлгө алууну камсыз кылуу боюнча билдирүүлөр берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE