Ошто эки районду байланыштырган жолду сел алып кетти

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКечээ, 8-июлда жааган жаандан улам Кара-Кулжа менен Алай райондорун байланыштырган жолдо сел жүрдү. Жолдун айрым тилкелерин сел алып кетти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, учурда жол бир тараптуу ачык. Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айыл аймагында 8-июль күнү жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулар Кызыл-Суу суусуна түшүп, суунун деңгээли көтөрүлгөн. Анын кесепетинен Кызыл-Булак айылында ички чарбалык унаа жолдун 100-150 метр аралыгын сел жеп кеткен.

«Унаа жол бир тараптуу ачык. Жерине айыл аймак тарабынан техника тартылды», — деп айтылат маалыматта.

————————————————

Буга чейин президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы Алай районундагы сел каптаган унаа жол бир тараптуу ачылганын билдирген.

Пример HTML-страницы

Алдын ала маалымат боюнча, 8-июлда саат 15:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары Гүлчө айыл аймагынын Таш-Коро айылында жайгашкан Ош—Сары-Таш—Эркеч-Там унаа жолунун 70-71 чакырым аралыгын кум-шагылга толтурган.

Жерине маалыматты тактоо жана тазалоо иштерин жүргүзүүгө Алай райондук ӨКБдан ыкчам топ жана техникалар тартылган.

  • Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 8-июлда Ош жана Баткен облусунун аймактарында сел жүргөнүн билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️