Ошто эч кимге айтпай, үйүнөн чыгып кеткен өспүрүм бала жакындарына өткөрүлдү

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОшто адашып кеткен 13 жаштагы өспүрүм ата-энесине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2024-жылдын 24-июнунда милиция кызматкерлери калаада Н. аттуу баланын адашып жүргөндүгүн байкаган. Өздүгүн тактап, мыйзамдуу өкүлүнө кошуп берүү үчүн Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна алынып келген.

Жүргүзүлгөн тактоо иш-чаралардын негизинде ал 2011-жылы туулган Н.А. аттуу өспүрүм экендиги аныкталган. Ошондой эле, Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагында ата-энеси менен жашай тургандыгы белгилүү болгон.

Текшерүү учурунда Н.А. 23-июнь күнү саат 13:00 чамасында иниси менен бирге короодо иш кылып жүргөн жеринен эч кимге айтпай, Ош шаарын көздөй жөнөп кеткендиги такталган.

Н.А. Кара-Суу районундагы Жар-Ооз айылында жашаган таенесинин үйүнө барууну пландаган.

Пример HTML-страницы

Түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, өспүрүм жакындарына өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️