Ошто дарыкана, сулуулук салондору жана тиш дарылоочу жайлар жарнамадан тазаланып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 22-октябрдан тарта Ош шаарында сырткы жарнактарды текшерүү боюнча рейд башталды.

Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары Дастанбек Мурзалиевдин айтымында, Курманжан датка жана Г.Айтиев көчөлөрүндө рейд өттү.

«Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзам жана Ош шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 30-сентябрындагы токтомунун негизинде дарыкана, жеке менчик тиш дарылоочу жайлардын, сулуулук салондорунун, косметология жана ийне сайуучу бөлмөлөрдүн аталыштары жана жарнамаларынын мамлекеттик тилде жазылуусу текшерүүгө алынды. Рейд 15-22-24-29-октябрь күндөрү өтүүдө. Иш-чарага атайын бөлүмдөрдүн жетекчилери, тийиштүү кызматкерлер, муниципалдык менчик башкармалыгы, Мамлекеттик тил комиссиясы, архитектура жана айыл аймактык башкармалыгынын кызматкерлери катышууда. Көп сандагы баннер түрүндө илинген, эскилиги жетип калган жарнактар тазаланды», — деди ал.

Д.Мурзалиев рейд улантыла турганын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️