Ошто Чек ара кызматынын кинология борборунун жаңы имаратынын курулушу башталды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын кинология борборунун жаңы имаратынын курулушуна капсула салынды.

Чек ара кызматынын квалификацияны жогорулатуу жана аскер кызматчыларды кайра даярдоо борборунун кинология курсунун башчысы Марат Эргашевдин айтымында, кинология борборунун имараты 2007-жылы курулган.

«Эми борбордун ичиндеги имараттарды замандын талаптарына ылайыктап, 100%га жаңылап жана толуктап жатабыз. Учурда борбордун ичинде 40 итке бата турчу орундар бар. Ал эми жаңы курулуп жаткан имаратка 72 ит батат», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️