Ошто бош турган үйдөн эркек кишинин сөөгү табылды (сүрөт)

TurmushОш шаарында бош турган үйдөн жансыз денеси табылган эркек адамдын өздүгү такталбай жатат. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 6-март күнү саат 16:30да С.К.га таандык болгон Ош шаарынын Атабаев көчөсүндөгү эч ким жашабаган үйдөн болжол менен 30-35 жаштагы азият түспөлүндөгү эркек кишинин жансыз денеси табылган. Бул маалымат Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн маалыматтардын электрондук журналына катталып, териштирүү иштери жүргүзүлүп, материалдар чогултулган. Бирок анын аты-жөнүн тактоого мүмкүн болгон жок.

Белгилери: бою 170 см, арык дене түзүлүштө, болжол менен 30-35 жашта.

Кийген кийими: кара түстөгү кышкы куртка, кара түстөгү футболка, көк түстөгү жинсы, кара түстөгү байпак, кара түстөгү спорттук бут кийим.

Аталган адам тууралуу маалыматы барлар (03222) 6-27-57, 0771 41:41 11, 0556 14 20 20 телефон номурлары аркылуу билдирсе болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️