Ошто базардын айланасындагы көпүрөлөр буздурулуп, контейнерлер алынып жатат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБүгүн, 18-июль күнү Ош шаарында борбордук базардын айланасында Ак-Буура дарыясынын үстүнө курулган мыйзам көпүрөлөр алына баштады. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, бул иштерге соодагерлер каршылыгын билдирип чыгышты.

«Бул жердин барын бузуп салышыптыр. Макул, бизге келип 3-4 күн мурун эскертүү берсин. Биз товарларды алып чыгып кетмекпиз. Бүгүн келип эскертүүсү жок эле баарын бузуп жатат. Бизге башка жерден орун таап берсин, макул көчүп кетебиз. Азыр эми товарлар менен кайда барабыз», — деди соодагер Мирбек Жунусов.

Айрым соодагер айымдар контейнерлердин алынышына каршы болуп чырдашты.

Ош шаарынын мэриясынын муниципиалдык менчик башкармалыгынын башчысы Алтынбек Пирматов бузуу иштери боюнча эскертүү ай сайын берилип жатканын билдирди.

Пример HTML-страницы

«Азырынча көпүрөлөр бузулуп жатат. Контейнерлерди кийинки иштерде алабыз. Шаардык кеңеш тарабынан бизге «базардагы өз билемдик менен салынган көпүрөлөрдүн бардыгы алынсын» деп тапшырма берилген. Ошонун негизинде бүгүн иш-чара башталды. Азыр көпүрөнүн үстүндөгү соода түйүндөрү алынып жатат (көпүрөнүн үстүндөгү контейнерлер). Мыйзамдуу курулган гана көпүрөлөр калат дагы мыйзамсыз деп табылгандар бузулат. Азыр болжолдуу түрдө 10го жакын көпүрөнү бузууну карап жатабыз. Бул болжолдуу гана. Азыр архитектура иштеп жатат, комиссия түзүлгөн. Ошол комиссиянын негизинде алына турган участкалар гана алынат», — деди Пирматов.

14-июлда Ош шаарында катуу сел жүрүп, Ак-Буура дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, борбордук базарды жана Навои паркын каптаган. Селдин кесепетинен парктагы аттракциондорду да кыян суу каптады. Ошондой эле Ак-Буура дарыясында жайгашкан 2 көпүрөнү сел алып кеткен.

Ош шаардык мэриясынын маалыматына караганда, Ош шаарынын борбордук базарында жалпы соода багытында 842 контейнер болсо, анын ичинен 785 контейнерди суу каптаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️