Ошто башкалардын батирин ижарага берип жүргөн шектүү кармалды

TurmushОш шаарында алдамчылыкка шектелген жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, шектүү Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлдү. Ал жарандарга убактылуу жашаганга батир берип, акчаларын алдын ала алып, изин жашырып жүргөн. Шектүү К.Н. 1996-жылы Өзгөн районунда туулган, убактылуу Ош шаарынын аймагында түрдүү даректерде жашаган.

«Тергөө иштеринин алгачкы жүрүшүндө маалым болгондой, ал адегенде бош батир таап, жакын арада акчасын берүүнү убадалап, бирок ал батирди башка бирөөлөргө өзүнүн үйү катары ижарага берген. Алдын ала бир нече айга ижара акчасын алып, изин жашырып кетип жүргөн. Учурда бул адамдын үстүнөн 9 жаран арыз менен кайрылышты. Ал жабырлануучулардан алган акчанын эң азы 25 миӊ сом болгон. Шектүү К.Н.нын үстүнөн алдамчылык боюнча кылмыш иши козголуп, 4-апрель күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

Шектүүдөн жабыркагандар Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнө 03222-6-64-02 телефон номуру аркылуу кайрылса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️