Ошто Азия чемпионатынан алтын байге алып келген милиционер Аброр Хакимовду тосуп алышты

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаардык милициянын кайгуул кызматынын кызматкери Аброр Хакимовду бүгүн, 18-октябрда «Ош» эл аэропортунан тосуп алышты.

Азия чемпионатынын алтын медалынын ээси Аброр Хакимовду тосуп алуу иш-чарасына Ош шаардык спорт комитети менен Ош ШИИБ боюнча милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери катышты.

Маалым болгондой, Азия чемпионаты Камбоджанын борбору Пномпень шаарында 3-18-октябрь күндөрү өттү.

Милициянын сержанты Аброр Хакимов кикбоксинг боюнча 71 килограмм салмакта күч сынашып, жалпы 4 мелдеш өткөрдү. Алгач Кытайдан келген спортчу, андан кийин Ирак, Вьетнам, Казакстандын өкүлдөрү менен күч сынашты.

Финалда казак спортчусу менен беттешип, 2:1 эсебинде утту.

Пример HTML-страницы

Мелдешке 26 мамлекеттин спортчулары катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️