Пример HTML-страницы

Ошто аял айдоочу инспекторду 300 метрге чейин сүйрөп кеткен деген маалыматка милиция жооп кайтарылды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаардык ички иштер башкармалыгынын кайгуул кызматы социалдык тармакка чыккан маалымат боюнча комментарий берди.

Буга чейин социалдык тармакта 27-май күнү Ош шаарынын көчөлөрүнүн биринде милициянын кайгуул кызматынын инспекторлору унаа токтоткону тууралуу билдирүү пайда болгон. Рулда мас абалда болгон делген айдоочу аял отурган.

Ошондой эле, аял инспекторлордун талаптарына баш ийбей, качып кетүүгө аракет кылганы айтылган. Бул маалда кызматкерлердин бири жараат алганы — унаанын айдоочусу аны 200-300 метрге чейин сүйрөп кеткени айтылууда. Билдирүүнүн авторунун айтымында, аялды башка унаа менен кубалап, токтотуп калышкан.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кайгуул кызматынын маалыматына караганда, 27-майда Ош шаарынын А.Навои көчөсүндө МККБнын кызматкерлери тарабынан «Хонда Фит» үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган. Себеби, бет маңдай айнеги сынык болгон. Айдоочу кызматкерлерди көрбөй, унаасын айдап кетип калган.

А.Масалиев көчөсүндөгү жол чыракка жеткенде МККБнын кызматкери алдынан чыгып, токтотуп калган. Ошол учурда айдоочу аял унаадан түшүп: «Айнекти унаа токтоп турган жеринен сындырып коюшуптур» деп түшүндүрмө берген.

Текшерүүнүн натыйжасында айдоочу спирттик ичимдик ичпегени анык болгон.

Айдоочунун жанында айдоочулук күбөлүгү болбогондуктан унаасы айып короого токтотулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE