Ошто Апас Жумагуловдун 90 жылдык мааракеси белгиленди. Салтанатка экс-премьер-министрлер келди

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 6-сентябрда Ош мамлекеттик университетинде көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер, Кыргыз Республикасынын баатыры Апас Жумагуловдун 90 жылдык мааракесине арналган «Кыргызстандын эгемен жолундагы Апас Жумагуловдун ролу: тажрыйбалар жана чакырыктар» аттуу илимий-практикалык конференция өттү.

Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, иш-чарага маараке ээси Апас Жумагулов, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Кубанычбек Жумалиев, Кубатбек Боронов,, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков жана Апас Жумагулов менен чогуу иштеген замандаштары, ардагерлер катышты.

Алгач Апас Жумагуловдун 90 жылдыгына арналган телефильм көрсөтүлдү.

Облус жетекчиси өз сөзүндө Апас Джумагуловдун 90 жылдык мааракесине арналган иш-чара Ош жергесинде өтүп жатканы сыймыктуу экенин айтып, анын үзүрлүү эмгеги Кыргызстанды ар тараптуу өнүктүрүү багытында опол тоодой экенин белгиледи.

«Сиз көп жылдык эмгек жолуңузда Кыргызстанда көрүнүктүү илимпоз, саясатчы жана дипломат катары таанылып, бай тажрыйбаңызды өлкөбүздүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө арноо менен калк арасында кадыр барк таптыңыз. Партиялык жана саясий кызматтарда иштөө менен элге ак кызмат өтөп, Кыргызстанды ар тараптуу өнүктүрүү багытындагы үзүрлүү эмгегиңиз опол тоодой экени талашсыз», — деди Жантаев.

Пример HTML-страницы

Андан соң Апас Жумагуловго «Ош облусунун ардактуу атуулу» наамы тапшырылды.

Конференциянын алкагында Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүүү мезгилиндеги саясий, социалдык, экономикалык жана маданий тармактарда туруктуу өнүгүүгө жетишүү үчүн көрүлгөн тарыхый процесстер талкууланып, Кыргыз Республикасынын мурунку Министрлер советинин төрагасы, мурунку премьер-министр, геология-минералогия илимдеринин доктору Апас Жумагуловдун өлкөнүн саясий турмушундагы тарыхый ролуна жана жаңы саясий системанын калыптанышына кошкон салымына өзгөчө көңүл бурулду.

Апас Жумагулов 1934-жылы 19-сентябрьда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылында жарык дүйнөгө келген. Анын 90 жылдык мааракеси мамлекеттик иш-чаралардын катарына кирип, жер-жерлерде өткөрүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️