Ошто «алтын сертификат», «Алтын тамга» алып, предметтик олимпиадада алдыңкы орунга ээ болгон бүтүрүүчүлөр сыйланды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш облусунда алдыңкы бүтүрүүчүлөрдү сыйлоо аземи өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2023-2024-окуу жылында ийгилик жаратып, жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен «алтын сертификатка», «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына жана предметтик олимпиаданын республикалык турунда алдынкы орунга ээ болгон окуучуларды президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаевдин атынан биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев куттуктады.

Иш-чарага сыйлык ээлери, ата-энелер жана мугалимдер катышты. Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондунан «алтын сертификатка» ээ болгон 3 окуучуга 10 000, предметтик олимпиаданын республикалык турунда алдынкы орунга ээ болгон 2 окуучуга 10 000, «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына жетишкен 17 окуучуга 5000 сомдон акчалай сыйлык жана өкүлдүн ыраазычылык каттары ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️