Пример HTML-страницы

Ошто алгачкы ирет оркестр түптөлүп, бет ачар концертин өткөрдү

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКечээ, 27-майда С.Ибраимов атындагы Ош облустук драма театрында Ош шаардык маданият башкармалыгынын астында түзүлгөн оркестрдин бет ачар концерти өттү.

Маалым болгондой, алар кул ээлөөчүлүк доорундагы гладиоторлордун салгылашын чагылдырган Голливуддун «Гладиатор» тасмасынын, түрк сериалдарынан саундтректерин чертип беришти. Ырчылардын коштоосунда Атай Огомбаевдин «Эсимде» жана башка чыгармаларды актарышты.

Ош шаардык маданият башкармалыгынын жетекчиси Элдияр Кадыркулов бул иш-чара көптөн бери пландалып келе жаткан иштердин бири экенин белгиледи.

«Ош шаарында алгачка ирет кыргыз эл аспаптар оркестри ачылды. Оркестр Ош шаарынын тарыхында биринчи жолу ачылды. Биздин улуттук күүлөрүбүздү, ырларыбызды сактоо кыйын болуп калат. Бирок оркестр ушунун барын сактап калат деп ойлойбуз. Ошондой эле келечекте бир гана күүлөр, ырлар менен чектелбестен азыркы өсүп келе жаткан жаштардын табитине ылайык дагы саунтректерди ойноп, элди дагы да болсо таң калдырсак, жан дүйнөсүнө музыканы жеткирсек деп аракет кылабыз. Бул оркестр 2024-жылдын башында түзүлүп, бүгүнкү концертке 3 ай даярдык көрүлдү», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE