Ошто акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 19-июль күнү Ош шаарындагы Анар кичи районунда БУУнун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиеванын ата-энеси жана 3 неберени акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалыматка караганада, маркумдарды акыркы сапарга узаттуу зыйнатына УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Асылбек Жээнбеков жана башкалар катышууда.

Анда чогулгандар Аида Касымалиеванын жана анын бир туугандарына көңүл айтышып, аза кайгыларын тең бөлүшөрүн билдирдишти.

Маркумдар жума намазынан кийин жерге берилет.

Пример HTML-страницы

Бактыгүл Мырзаева 1956-жылы Кара-Кулжа районундагы Сары-Булак айылында, жолдошу Камчыбек Касымалиев Өзгөн районундагы Шералы айылында туулган. Экөө тең жогорку билимге ээ болуп, бүгүнкү күнгө чейин үзүрлүү эмгектенип келишкен.

Бактыгүл Мырзаева алгачкы эмгек жолун китепкана тармагында 1977-жылдан баштап, жалпы 47 жыл үзгүлтүксүз иштеген. 1989-жылы Токтогул Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасына директор болуп дайындалып, бүгүнкү күнгө чейин бул кызматты аркалаган.

Камчыбек Касымалиев өндүрүш тармагында, ишкерлик багытында үзүрлүү эмгектенип, ардактуу эс алууда болгон.

  • Turmush басылмасы 2024-жылдын 17-июль күнү Ысык-Көл районунда жол кырсыгы катталып, адамдар каза болгондугу жөнүндө маалымат социалдык түйүндөрдө тараганын жазган.

Аталган маалыматты Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

2024-жылдын 17-июль күнү Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүкчөсүнө «112» кызматынан маалымат түшүп, Каракол—Ананьев—Балыкчы унаа жолунун 59-чакырымында кырсык болгондугу билдирилген.

Аталган маалымат райондук милициянын маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлгөн.

Алгачкы жүргүзүлгөн териштирүү иштеринин жүрүшүндө, Ош облусунун 68 жаштагы тургуну К.К. өзүнө тиешелүү болгон «Тойота-Авенсис» үлгүсүндөгү унаасын чыгыштан батышты көздөй башкарып бара жатып, Өрнөк айылынын ичинен кайрадан чыгышты көздөй бурулуп жаткан учурда, артынан келе жаткан Бишкек шаарынын 20 жаштагы тургуну Т.А.нын башкаруусундагы «Мерседес-Бенц-210» унаасы менен жол кырсыгына учураганы аныкталган.

Жол кырсыгынын натыйжасында «Тойота-Авенсис» үлгүсүндөгү унаасынын айдоочусу — 68 жаштагы К.К., жанында жүргүнчү болуп бара жаткан 68 жаштагы жубайы М.Б. жана 9 жаштагы небереси М.К. окуя болгон жерден каза болушкан.

Дагы эки небереси ооруканага жеткирилип, алган жаракаттарынан улам каза болушкан.

«Мерседес-Бенц-210» үлгүсүндөгү унаасынын 20 жаштагы айдоочусу Т.А., жанында жүргүнчү болуп бара жатышкан Бишкек шаарынын тургундары — 23 жаштагы Т.У. жана Ж.А. денелеринен жаракаттарды алышып, Ысык-Көл райондук ооруканасына жаткырылышкан.

Жол кырсыгынын келип чыгышынын жагдайларын аныктоо максатында соттук-медициналык жана соттук-техникалык экспертизалар дайындалды.

Аларды акыркы сапарга узатуу зыйнатуу 19-июлда саат 11:00дө Ош шаарында өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️