Пример HTML-страницы

Ошто активист кыз 50 миң сом акча алууга шектелип кармалды (сүрөт)

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКечээ, 29-июнь күнү Ошто өзүн блогер деп тааныштырып, башка адамдан опузалап акча талап кылууга шектелген кыз кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Ош ОИИБге Ош шаарынын С.И. тургуну арыз менен кайрылган. Ал өзүн блогер деп тааныштырган Ж.Г. аттуу кыз опузалап акча талап кылып жатканын билдирген. Бул факт кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Кара-Суу районунун 1993-жылы туулган тургуну Ж.Г. арыздануучудан 2024-жылдын март айынан тартып, «социалдык баракчаларыма сиз жетектеген кызмат жөнүндө терс көрүнүш чагылдырам» деп опузалап коркутуп, бир нече жолу акча алганы, андан сырткары «IPad» үлгүсүндөгү планшет талап кылганы аныкталган.

Топтолгон материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) менен кылмыш иш козголгон. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам тергөө жүргүзүп, Ж.Г. 50 миң сом акча алып жаткан жеринен кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө уланууда.

Буга чейин Ош ОИИБ активист Жанышбек кызы Гүлпери кармалып, тергөө абагына киргизилгенин тастыктаган. Ал Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайында кармалууда.

  • Жанышбек кызы социалдык тармактагы өзүнүн баракчасына «Мени «подстава» кылышты, аким максатына жетти» деген билдирүү калтырган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE