Ошто аэропорттун аймагынан 13 жаштагы кызды «Киага» салып кетишкен. Унаа Ноокаттан токтотулду

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Ноокат районунда 13 жаштагы кызды ала качып бара жаткан шектүүлөрдүн унаасы токтотулду.

Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматына караганда, кечээ, 23-сентябрда саат 20:00 чамасында «Ош» эл аралык аэропортунун аймагынан Баткен облусунун тургуну — 2011-жылы туулган Б.Ж.ны белгисиз жарандар «Киа К5» үлгүсүндөгү унаа менен ала качып кеткен.

Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө кабар келип түшүп, «Курчоо» мерчеми киргизилген. Анын негизинде унаа Ноокат районунда бара жатканда Ноокат РИИБ боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кенже тескөөчүсү Мирлан Жарматов тарабынан токтотулуп, иш Ноокат РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

«Кызды алып качып бара жаткан жигит Кызыл-Кыя шаарынын тургуну — 1993-жылы туулган А.уулу А. болгон. Эмне максатта алып бара жатканы тергөөнүн жүрүшүндө маалым болот», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️