Ошто адамдын «КамАЗ» унаасына тебеленгени видеого түшүп калган

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш шаарынын Өзгүр айылында сел жүрүп, тургундарды эвакуациялоо учурунда 1 адам каза тапты.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматы 2024-жылдын 14-июлунда билдиргендей, Өзгүрдө сел жүрүп, жарандар эвакуацияланган. Анын кесепетинен «КамАЗ» унаасы 1 адамды тебелеп кеткен кырсык катталды.

Үрөй учурган окуяны күбөлөр видеого тартып алышкан. Кадрларда жүк ташуучу унаа ылай аралаш агып жаткан суудан өтүп баратканын көрүүгө болот. Анда «КамАЗ» унаасынын дөңгөлөктөрүнүн астында бир киши калып кеткен. Айдоочу айрым булактарга караганда, муну байкаган эмес.

Кадрлардан унаанын капталындагы эшигинен кишинин турганын көрүүгө болот. «КамАЗ» суудан өткөндөн кийин айыл тургуну жерге кулап, дөңгөлөктөргө тебеленип калган.

Пример HTML-страницы

Буга чейин Turmush басылмасы Өзгүр айылында селден жарандарды өткөрүү үчүн элди «КамАЗ» унаасына түшүрүп жатышып, унаа жылып кетип, 1 жаранды тебелеп кеткенин жазган.

———————————————

2024-жылдын 14-июлунда тоолордон аккан сел Ош шаарын жана Кара-Суу районунун каптады.

Ак-Буура дарыясынын суусу нугунан ашып кетти. Жергиликтүү тургундар көп жылдардан бери дарыядагы суу мынчалык көбөйбөгөнүн айтышты. Сел Төлөйкөн айылындагы «Мөл-Булак» эс алуу жайынан, Озгур айылындагы «Борубай-Ата» эс алуу жайынан түшкөн. Бул учурда ал жерлерде эс алуучулар болгон.

Куткаруучулар адамдарды эвакуациялай башташкан. Сел 5 адамды (2 аял, 3 кыз) агызып кеткен. Алардын ичинен 7 жаштагы кыздын сөөгү кечээ, 14-июлда Өзбекстандын аймагынан табылды.

Ошондой эле бүгүн, 15-июлда саат 11:30да Ак-Буура дарясынан (Өзбекстандын чек арасына 500 метр жетпей) аял кишинин жансыз денесин табышты. Анын өздүгү такталууда.

Ондогон унааларды сел агызып кетти. Куткаруучулар каналардан, сел аккан сайлардан талкаланган унааларды алып чыгып жатышат.

Ош шаарында электр мамылары, суу берүүчү насостук станциялар жабыр тартты. Шаардагы борбордук базарда сел дарыядай агып, товарларды агызып кетти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️