Ошто 7 айда өспүрүмдөр тарабынан жасалган 204 кылмыш иш тергелди

Акыркы жанылыктар

Turmush2024-жылдын 7 айында Ош шаарынын аймагында жашы жетпеген өспүрүмдөр тарабынан жасалган 204 кылмыш иш тергелди.

Ош шаардык прокуратурасынын маалыматына караганда, 107 иштин тергөөсү аяктап, анын ичинен 14 кылмыш иши соттук кароого жиберилип, 93 иш өндүрүштөн кыскартылган,

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы №126 мыйзамы менен колдонууга киргизилген Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 467-беренесинде эгерде бала биринчи жолу анча оор эмес кылмыш жасаган деп эсептөөгө негиз болсо, тергөөчү ушул кодекстин 37-беренесинин 1-бөлүгүнүн 22-пунктуна ылайык баланы кылмыш-жаза сот адилеттигинин тутумунан мыйзамда каралган тартипте чыгаруу максатында сотко чейинки өндүрүштү кыскартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн чечим кабыл алат деп белгиленген.

Биринчи жолу анча оор эмес кылмыш жасаган бала пробациялык көзөмөлдү же тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жолу менен сот тарабынан жазадан бошотуу аркылуу кылмыш-жаза сот адилеттиги тутумунан чыгарылат.

Баланы кылмыш-жаза сот адилеттигинин тутумунан чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууда анын эң мыкты кызыкчылыктары, жасалган кылмыштын мүнөзү жана оордугу, жаш курагы, күнөөсүнүн даражасы, келтирилген залал, кылмыш жасагандан кийинки жүрүм-туруму көңүлгө алынууга тийиш.

Пример HTML-страницы

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан аталган берененин аткарылышы боюнча көзөмөл жүргүзүлүп, ШИИБ тарабынан негизсиз баланы кылмыш-жаза сот адилеттигинин тутумунан мыйзамда каралган тартипте чыгарылбаган чечимдер жокко чыгарылып, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 467-беренесинин (баланы кылмыш-жаза сот өндүрүш тутумунан чыгаруу) талаптарын аткаруу боюнча чаралар көрүлүүдө.

Мисалы, 2006-жылдын 11-ноябрында туулган Э.К. 2024-жылдын 19-апрелинде өзү окуган мектептин ичинде классташы — 2007-жылы туулган К.Н.га таандык болгон «iPhone 12» үлгүсүндөгү кол телефонун жашыруун түрдө уурдап кеткен. Бул факты боюнча Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 2-бөлүгү (олуттуу өлчөмдө жасалган уурулук) менен кылмыш иши козголгон.

Аталган кылмыш иши боюнча тергөө аракеттери жүргүзүлүп, кылмыш иш өспүрүм тарабынан жасалгандыктан, ал Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 467-беренесинин талаптарына ылайык кылмыш-жаза сот адилеттигинин тутумунан чыгарылган.

Бирок тергөөнүн жыйынтыгы менен Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде өндүрүштөн кыскартылган.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 467-беренесинин талаптарына ылайык, баланы кылмыш-жаза сот адилеттигинин тутумунан чыгарылган учурда аталган кодекстин 27-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде кыскартылууга жатат.

Бирок кылмыштардын бирдиктүү реестирине туура эмес маалыматтар киргизилип, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пункту (жосунда кылмыш курамы болбогондо) менен кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылган.

Бул чечим Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан жокко чыгарылып, натыйжада Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 27-беренесинин 2-бөлүгүнүн жана 467-беренесинин талаптарына ылайык мыйзамдуу чечим кабыл алынып, ушундай эле мыйзам бузуу менен кабыл алынган 6 кылмыш ишинин чечимдери жокко чыгарылып, мыйзамдуу чечимдер кабыл алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️