Ошто 50 жаштагы тургун бычакталган. Ал ооруканада көз жумду

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында бычактан жаракат алган жаран каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасына өздүк булактар билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, маркумга агасы чырдам улам бычак сайган.

Ал эми Ош шаардык ооруканасы тастыктаган маалыматка караганда, 2024-жылдын 9-июлунда 1974-жылы туулган Ю.А. аттуу жаран бычактан алган жаракаты менен алынып келген.

«Ал курсагынын эки жерине бычак сайылган абалда 9-июль күнү келип түштү. Бычак ичеги майдан өтүп, ичегини тешип кеткен. Операция ийгиликтүү жасалган болчу. Бирок 13-июль күнү белгисиз жагдайлардан улам түнү каза болуп калды. Себеби экспертизадан соң аныкталат. Туугандарынын айтымында, ага-ини үйдө уруша кетишип, агасы бычак сайып койгон», — деп айтылат маалыматта.

Ош ШИИБдин басма сөз кызматы бул окуя боюнча маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️