Ошто 5 жаштагы баланын видеосу тараган. Анын апасы окуя боюнча үн катты

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 13-сентябрда социалдык тармактарга жаш баланын үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылгандыгы боюнча видео жарыяланды.

Аталган видео боюнча Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам текшерүү иштери башталган. Бул үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнүн өздүктөрү аныкталып, алардын учурдагы жашаган жерин аныктоо боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлгөн. Милиция кызматкерлери тарабынан бул үй-бүлө Ош шаарынын А.Навои көчөсүндө убактылуу батир жалдап, жашап турган жери такталган.

Бүгүн, 14-сентябрда саат 14:00 чамасында Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнө 2019-жылы туулган бала, анын 2002-жылы туулган апасы жана 1985-жылы өгөй атасы алынып келинди. Видеодо келиндин биринчи турмушундагы бала көрсөтүлгөн. Учурда азыркы турмушунан 8 айлык боюнда бар.

Апасы баласын күйөөсү эч качан урбагандыгын, шоктонсо гана урушуп коё тургандыгын айтып, көрсөтмө берди.

«Балам аябай шок. Мурда убактылуу жашаган жерибизде 2 күн катары менен үйдүн алдындагы унааларга таш ыргытты эле. Ошондо урушуп койгонум чын, бардык эле апалар урушмак. Анан бизге өчөшүп, ошол жердеги жашоочулар балама конфет берип, алдап видеону жаздырып алыптыр», — дейт баланын апасы.

Пример HTML-страницы

Ал эми өгөй атасы балага таптакыр кол тийгизбегендигин айтууда.

Тергөө кызматы тарабынан аялдын жана күйөөсүнүн көрсөтмөлөрү текшерилет. Баланын ден соолугун текшерүү үчүн тиешелүү адистер чакырылат. Күбөлөр суралат. Баланын денесине социалдык жактан коргоо кызматкерлеринин катышуусу менен кароо жүргүзүлөт.

5 жаштагы бала тергөө иштери жана соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкканга чейин балдар үйүнө алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️