Turmush — Ош шаарында 5-кабаттан боюн таштаган кыздын абалы жакшы. Бул тууралуу Ош облустук бириккен клиникилык балдар ооруканасынан билдиришти.
Аталган ооруканын дарыгерлери кыз толук айыгып кеткенге чейин психологдорго, невропатологдорго кайрылып, тынымсыз дарыланып туруусу зарыл экенин баса белгилешти.
«Азыр абалы жакшы. Бүгүн же эртеңден үйүнө чыгарабыз. Өз алдынча басып жүрөт. Сүйлөп жатат. Бизде жасалуучу операциялары бүттү. Ал кыз башынан, колунан жарат алган. Жарааттары айыгып калды. Буюрса келечекте биротоло жакшы болуп кетет деген үмүт чоң. Толук айыкканга чейин тынымсыз психологдорго, невропотологдорго барып, дарыланып турушу керек», — дешти дарыгерлер.
Turmush басылмасы Ош шаарындагы Түштүк-Чыгыш кичи районундагы көп кабаттуу үйдөгү батирден (5-кабаттан) 7-класстын окуучу кыздары боюн таштаганын жазган. Бири окуя болгон жерде мерт кетсе, экинчиси Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына жеткирилген.
Кыздардын иши боюнча Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков маалымат берген.
«17-март күнү Ош ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынан кабар түшкөн. Ош шаарынын Шакиров көчөсүндө жайгашкан 5 кабаттуу №9 үйдүн чатырынан 2 кыз боюн таштап жиберген. Бири окуя болгон жерде каза таап, экинчиси ооруканага жеткирилген.
17-март күнү түшкү саат 13:00 чамасында эки окуучу кыз аталган көп кабаттуу үйдүн чатырына чыгып, ошол жерден секиргени аныкталган. Бул кыздар Ош шаарындагы Карл Маркс атындагы мектеп-гимназиясынын 7-классынын окуучусу болушкан. Экөө тең бир класста окушкан. Алгачкы тергөөнүн маалыматына караганда, экөө тең 6 саат сабак окуп, жакшы эле маанайда чыгышкан. Эмне себептен бул кадамга барганын ар тараптуу иликтөө иштери жүрүп жатат. Тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда ошол жердин жашоочуларын, маркумдун, ооруканадагы кыздын жакын туугандарын сурап, иштин себептерин тактоо иш-чаралары жүрүп жатат», — деген ал.
Анын айтымында, өспүрүмдөр суицидге барган окуя ушуну менен үчүнчү ирет бир аймактан катталууда.
«Жыл башынан бери Карл Маркс атындагы мектеп-гимназиясынын 3 окуучусу суицидге барды. Бир ай мурун аталган аймактан окуучу бала каза болгону тууралуу маалымат бергенбиз. Дал ошол турак үйдүн (кыздар секирген) жанындагы көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынан боюн таштап, каза тапкан өспүрүм бала менен кыздардын бүгүнкү кейиштүү окуясынын байланышы бар же жоктугу териштирилип жатат», — деген З.Сыдыков.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.