Пример HTML-страницы

Ошто 4 облустан чогулган дыйкан-фермерлер тажрыйба алмашышты

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунда өлкөнүн түштүгүндөгү фермерлер үчүн семинар өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Иш-чара 13-июнь күнү «Суу ресурстарынын климаттын өзгөрүшүнө жана табигый кырсыктарга туруктуулугун жогорулатуу» долбоорунун алкагында уюштурулду. Анда агрономдор жана адистер дыйкандар үчүн талаа иштеринде кандай иш алып баруу керектигин, түшүм мол болушу үчүн кандай чара колдонуу керектигин айтып беришти. Аталган долбоордун максаты төрт облустун агрономдору жана фермерлери менен бирге тажрыйба алмашуу, кеңеш берүү болуп саналат.

Коомдук фонддордун биринин агроному Жолдош Эшперовдун айтымында, иш-чарада талаадагы негизги иштерди бардык агро-техникалык эрежелерди сактоо менен өткөрүү, фермерлерди окутуп, жыл ичинде ар кандай айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча тренингди уюштуруу, суу ресурстарын сапаттуу пайдалануу маселелери айтылды.

«Андан сарткары талаа күндөрүн практика түрүндө өткөргөнбүз. Негизги максат айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдө алдыңкы технологияларды толук пайдаланууга багытталган. Семинарга төрт облустун агрономдору, фермерлери катышты. Алар: Чүй, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустары. Бул долбоор фермерлерге абдан чоң жаңылыктарды алып келди. Алар жаңы технологиялар менен таанышып, сапаттуу үрөндөр менен камсыз болуп, эң башкысы фермердик тажрыйбасын жакшыртышты», — деди Эшперов.

Ошондой эле семинарда дыйкан-фермерлерге Кыргызстандын климатына ылайык сууну үнөмдүү пайдалануу боюнча дагы кеңештер берилди.

«Дыйкандар эккен өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн жакшыртып, сууну үнөмдүү пайдалануу жана ички чарба каналдардагы сууну туура эксплуатация жүргүзүү жөнүндө түшүндүрүп жатабыз. Биздин долбоордун биринчи компонентине ылайык, чарбалар аралык, башкы суу түйүндөрдү, райондун, мамлекеттин балансында турган каналдарды калыбына келтирип, толук оңдоп беребиз. Ошондой эле дыйкандарга жер семирткичтерди сунуштап, алардын жерине кандай витаминдер керектигин айтып, кеңеш беребиз. Фонддун өзгөчөлүгү — биз дыйкан-фермерлер менен келишим түзүп, алар берген жерлерге өсүмдүктөрдү өстүрөбүз. Аны менен катар эле бул багытта алардын дыйканчылык иштеринин чыгымын каржылап, кеңеш берип турабыз», — деди айыл чарба боюнча адис А.Юлдашев.

Жалал-Абад облусунан келген фермер Кенжебек Алимбаев башка дыйкандарга да бул долбоорго катышууну сунуштап жатканын билдирди.

«2022-жылдын күз айынан бери маалымат алып, талаа иштери менен иштеп келем. Мага буудай үрөнү бөлүнүп, ошол үрөндү кантип өздөштүрүш керектигин айтып, сууну кантип коюуну көрсөтүп беришкен болчу. Азыр түшүм мол болуп жатат. Натыйжасы жакшы, адистер берген кеңештер, тапшырмалар менен аткарып келе жатабыз», — деди ал.

Мындан сырткары семинарда адистер дыйкан-фермерлерге жердин топурагын текшерүү менен үрөн талааларга кандай кам көрүү, кандай жер семмирткичтер колдонулушу керектигин, үрөн талааны сугаруу үчүн аз суу керектелүүчү система боюнча айтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE