Пример HTML-страницы

Ошто 3 күндүн ичинде унааны мас абалында башкарып жүргөн 31 айдоочу кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан Ош облусунун аймагында ушул жылдын 28-февралынан 10-мартка чейин республикалык деңгээлдеги «Караңгатылган айнек» аталышындагы рейддик иш-чара уюштурулууда. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Алтынбек Теңизбаев билдирди.

Маалыматка караганда, Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн техникалык көзөмөлдөө тобунун кызматкерлери тарабынан алдыңкы каптал айнектерин караңгылатып алып, унаа башкарып жүргөн айдоочуларга карата Укук бузуулар кодексинин 194-беренесинин 3-бөлүмүнүн негизинде протоколдор түзүлүүдө.

Акыркы 3 күндүн ичинде жол эрежелерин бузган 810 учур катталып, 31 айдоочу унааны мас абалында башкарып кармалган. Автоунаанын алдыңкы айнегин уруксаты жок караңгылаткан, тийиштүү документтери жок жүргөн айдоочулар аныкталып, убактылуу айып короого 43 автоунаа токтотулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE