Пример HTML-страницы

Ошто 29 жаштагы жигит 80 миң сомдон ашык акчасынан кол жууду

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарынын тургуну интернет аркылуу 82 миң сомдон ашык акчасын алдатты.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы Turmush басылмасына тастыктаган маалымат боюнча, 2024-жылдын 10-июнунда Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Ош шаарынын 1995-жылы туулган тургуну О.И. (эркек иши) арыз менен кайрылган. Анда 10-июнь күнү социалдык тармактагы баракча аркылуу белгисиз жарандар байланышып, «акчаңызды көбөйтүп беребиз» деп алдап, 82 570 сом котортуп алышканын билдирген.

Аталган факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Turmush басылмасына маалым болгондой, О.И. мессенджердеги тайпага кошулган. Андагы жарнама «товар сатып алып, кошуп сат» деген мазмунду камтыган. Мессенджердеги тайпанын админстратору аталган тургунга эки аялдын банк эсептерин берген. О.И. көрсөтүлгөн банк эсептеринин бирине 33 миң 97 сом, бирине 50 миң 298 сом (акча котору үчүн комиссия да алынган) которгон. Бирок же товардан, же акчадан кур калган.

Алданганын билген жаран өз алдынча изилдеп, 33 миң 97 сом акча которулган банктык эсептин ээси Кара-Суу районунун Савай айыл аймагынын тургуну экенин тапкан. 50 миң сом 298 сом акча которулган банктык эсептин ээси Ысык-Көл облусунун тургуну М.А. экени белгилүү болгон.

Алдын ала маалымат боюнча, 33 миң 97 сом акча котурлган банктык эсептин ээси А.Б. Савай айыл аймактагы мектептердин биринде англис тилчи мугалим болуп иштей турганы аныкталган. Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн аталган мугалим декреттик өргүүдө экенин тастыкташты.

Ал эми М.А. боюнча башка маалымат белгилүү болгон жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE