Ошто 260 млн долларга жер семирткич чыгаруучу завод курууну көздөп жатышат

Акыркы жанылыктар

TurmushКытай Эл Республикасынын Хэбэй провинциясынын Чжэндин шаарында Ош облусуна жер семирткич чыгаруучу заводдун курулушуна жабдууларды жөнөтүү аземи өттү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Кытайлык Hebei Baidujia Fertilizer Co., Ltd. компаниясы тарабынан демилгеленген долбоордун бул маанилүү учуру Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы «Бир алкак, бир жол» демилгесинин алкагында эки тараптуу кызматташтыктын чыңдалышын билдирет.

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Hebei Baidujia Fertilizer Co., Ltd. ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу менен башталган жер семирткич заводун куруу долбоору Ош облусунун айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө багытталган. Завод дыйкандарды заманбап жер семирткичтер менен камсыз кылып, түшүмдүүлүктү жогорулатууга жана продукциянын сапатын жакшыртууга жардам берет.

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев бул завод өлкөнүн айыл чарбасын өнүктүрүүдө, аймактардын ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоодо жана бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө маанилүү элемент жана инвестиция болорун белгиледи.

Курулуштун жалпы баасы 260 млн долларды түзөт. Завод ишке кирсе 1000ден 3000ге чейин адам жумуш орду менен камсыз болот. Айрыкча заводго жакын жайгашкан айыл аймактарда 70-80% жумуш менен камсыздоого мүмкүнчүлук жаралат. Негизинен аммафос жер семирткичин чыгарат жана айыл чарба техникаларын даярдайт.

Пример HTML-страницы

Жер семирткич заводу курулса дыйкандарга бир топ женилдик болуп, өз убагында айыл чарба жерлерин азыктандырып, түшүмдүүлүк жогорулай турганы күтүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️